Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Кадрдан өксүгөн өкмөт


Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү

Өкмөткө кесипкөй кадрлар тандалдыбы же бийликке жакындар гана келдиби?

Кыргызстанда жаңы өкмөттүн курамы бекиди. Аны өткөн жумада Социал-демократтар, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракцияларынан турган коалиция түзгөн. Бул арада “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана "Республика Ата-Журт" оппозициялык фракциялар болуп жарыяланды.

Өкмөттүн жаңы курамы кандайча аныкталды? Бул өкмөттү кураган коалициянын келечеги кандай болушу мүмкүн?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга көпчүлүк коалицияга жаңы кирген “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров менен оппозициялык фракцияга айланган “Өнүгүү-Прогресстин" өкүлү Мирлан Бакиров катышты.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтүнүн структурасындагы төрт вице-премьерлик кызматтын бирөө, 12 министрликтин алтоондо жетекчилик алмашып, ал эми үч комитеттин башчылары ордунда калды. Министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков да ээлеген кызматында калууда. Башкаруучу коалициянын лидери Иса Өмүркулов жаңылануу болушу керектигин, жаңы агымды, креативдүү күчтөрдү, жаштарды бирден-экиден кошуп аралаштыруу керектигин айтты. Биринчи суроонү экөөңүздөргө тең берсем, бүгүнкү өкмөт курамына жаңы киргендер мурда кандай креативдүүлүгү менен жаңычылдыгы менен айырмаланган?

Акылбек Жапаров: Ар бир өкмөт парламентке жараша, парламентти эл шайлаган, элге жараша болуп жатат да биздики. Ошондуктан программасы деле, курамы, структурасы деле өткөн коалициялардан андай деле катуу айырмаланган жок. Уникалдуу түрдө азыркы премьер министрге бир алты ай иштегенге мүмкүнчүлүк берилди. Ушуну бул киши кандай колдонду? Азыркы келген жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынтыктарын жакын арада эле көрөбүз го деп ишенем, кичине убакыт керек. Экономикалык блок ошол бойдон калды. Укук коргоо жаатында жаңы министр келди. Мурун мындай билчү элек, бирок министр катары жаңы болуп жатат. Юстиция министрлигине жаңы бир жигит келген экен, мен аны тааныбайт экем. Жаш бала эми аракет болот деди. Негизинен бүгүнкү объективдүү, субъективдүү себептерди эске алганда бул өкмөт эмки жылдын аягына чейин туруктуу болот деген үмүт бар да.

Жүздөр гана өзгөрдү, структура, программанын өзөгү калды.
Мирлан Бакиров

Мирлан Бакиров: Акылбек Үсөнбековичтин үмүтү жакшы экен, үмүтү орундалсын деп айтаар элем. Бирок бүгүнкү өкмөт тез аранын ичинде түзүлдү. Жаңы эмес, бул кезектеги өкмөт десек туура болот. Жаңы келген жүздөрдүн аркасын карай турган болсок, алардын чоо-жайын билген жокпуз. Бирок маалыматтардан карап көрсөк, конкретүү бир жаңылыктарды жасап, ийгиликке жетип, тоону томкоруп жибергенин көрбөдүк. Албетте бул кезектеги өкмөт болгон соң программасы менен тааныштык. Премьер-министр жаңы эмес. Акылбек мырза деле мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген. Анын жообун угуп отуруп, анын деле толук канааттанбаганын сезип турам. Жүздөр гана өзгөрдү, структура, программанын өзөгү калды. Мына жыл жыйынтыгына аз эле убакыт калды. Азыр мына эң орчундуу кырдаал түзүлүүдө. Алдыда бюджеттин аткарылышы, өзгөрүшү, 2017-жылдын бюджетин бекитүү боюнча маселе болуп жатат. Негизги мыйзамдар келген турат. Ошол жерден эле алар таразага салынып, электен өтүп, баа берилет.

Кадрдан өксүгөн жаңы өкмөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:34 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG