Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Мындай пикирин президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди. Ал “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаевдин парламентте президентти сындаган сөзү комментарийлөөгө да жатпайт деп эсептейт:

-Мындай билдирүүнү комментарийлөөнүн кажети жок. “Ал жерде комментарий берүүчү эч нерсе жок. Канатбек Исаев реалдуу фамилияларды реалдуусуз ысымдар менен, реалдуу адамдарды реалдуусуз фактылар менен аралаштырып алды. Ал эми тыянагы жөн гана абсурд. Бул жерде чылгый саясаттан бөлөк нерсе жок. Балким, ал кадрларын бийлик бутактарында аз деп ойлоп аткандыр. Мүмкүн партиялаштарына, укук коргоо органдарына таарынычы бардыр. Ошол эле учурда сотторду коркутууну көздөп аткандыр. Балким, кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө даярданып атса керек. Бул эскирген ыкма. Ал кылмыш иши козголоор замат сот системасына “чабуул” жасаган саясатчылардын алгачкысы эмес. К.Исаев ириде өзүнүн иштерин териштирип алсын, анан ага комментарий беребиз.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев 9-ноябрда парламентте президент Алмазбек Атамбаевди сындаган. Депутат президентти иш жүзүндө КСДП партиясына төрага болуп, аталган партиянын өкүлдөрүн маанилүү кызматтарга дайындоо менен мыйзамды одоно бузуп жатат, Социал-демократтар партиясына мүчө болгондор өлкөнү башкарып, жетекчи орундарда отурганын белгилеп, президент Конституциянын кепилдиги болбой калды деп айткан.(EBM/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG