Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдун үстүнөн соттук териштирүү ар аптанын бейшемби күндөрү өтүүдө. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык жүрүп жаткан соттук териштирүүдө бүгүн айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө беришти. Бул тууралуу “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин мүчөсү Таалайбек Мадаминов “Азаттыкка” билдирди:

-Айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат. Бүгүн УКМК кызматкерлеринин коштоосунда бетине чүмбөт кийгизилген күбө алып келинди. Ал Эрнис Карыбековдун айдоочусу деген маалымат алдык.

Жогорудагы саясатчылар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Алардын иши Биринчи Май райондук сотунда жабык каралууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG