Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

АКШда Трамптын шайланышына каршы демонстрациялар өттү


Трампка каршы Нью-Йорктогу демонстрациядан көрүнүш. 9-ноябрь, 2016-жыл.
Трампка каршы Нью-Йорктогу демонстрациядан көрүнүш. 9-ноябрь, 2016-жыл.

Миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциялар Бостондон Лос-Анжелеске чейинки аралыктагы бир нече шаарда өттү.

Негизинен тынч мүнөздөгү демонстранттар жолдорду тороп, Трампка каршы ураандарды көтөрүп, президенттик шайлоонун жеңүүчүсүнүн мусулмандарды, аялдарды, башкаларды кемсинткен билдирүүлөрү үчүн айыптап жатышты.

Демонстрациялар Трамптын Демократиялык партиядан атаандашы Хиллари Клинтондун шайлоодо жеңилгенин моюнга алганына карабай өттү.

Клинтон кечээ Нью-Йоркто жактоочуларынын алдында сүйлөп жатып, Трамптын өлкөнү башкаруусуна мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирип, шайлоо “өлкө биз ойлогондон да терең бөлүнүп калганын көргөздү”,- деп белгилеген эле.

Бул аралыкта Дональд Трамп бүгүн президент Барак Обаманын чакыруусу менен Ак үйгө барганы жатат. Кечээ Обама өз командасына өткөөл мезгилдин ийгиликтүү кетишин камсыздоого көрсөтмө бергенин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG