Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 110 киши ат салышат


Шайлоо 11-декабрда өтөт.
Шайлоо 11-декабрда өтөт.

Ал эми айылдык кеңештерге талапкерлердин саны андан аз. Бул тууралуу 10-ноябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады. БШК төрайымы ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өтүүчү референдумда биометрикалык маалыматтар схемасы алгачкы жолу колдонуларын кошумчалады. Анын айтуусунда, референдумду өткөрүү үчүн республика боюнча 2 365 добуш берүү участоктору ачылды.

Биометрикалык маалыматтар шайлоолордогу коррупциялык аракеттерге бөгөт коерун белгилеген Шайлдабекова Кыргызстанда болуп өткөн эки ыңкылап элдин акыйкат шайлоолорго ишеничи жоголгонунан улам болгон деп эсептейт.

11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шаардык жана айылдык кеңештерге 7400 депутат шайланат. Ушул эле күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG