Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо үчүн өкөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча мурдагы Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго карата топтолгон материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты. Маалыматка ылайык, чогултулган маалыматтар каралып чыгып, анын негизинде кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алынат.

Буга чейин парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы комитетинде депутаттар мурдагы министр тендер өткөрүүдө өз кызмат абалынан ашыкча пайдаланганы боюнча маалыматты текшерүүнү талап кылышкан.

Анын негизинде Коррупцияга каршы кызмат текшерүү жүргүзүп, мурдагы министрдин мыйзамсыз иштери болгонун парламент комитетине расмий кат менен кабарлаган.

Замирбек Айдаров бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, прокуратура текшериши керектигин билдирди.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG