Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Жолдон "жаңылган" министрлер


Боом капчыгайы
Боом капчыгайы

Мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаров жол куруу тендерине мыйзамсыз кийлигишкени иликтенүүдө. Бул боюнча Башкы прокуратура текшере баштады.

Коррупцияга каршы кызмат мурдагы транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровду Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерге мыйзамсыз аралашкан деп шектенүүдө. Бул боюнча тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага да өткөрүп берди.

Башкы көзөмөл органдын өкүлү Назик Байгазинованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул материалдар иликтенип, укуктук баа берилет:

- УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматынан мурдагы транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго карата топтолгон материалдар Башкы прокуратурага келип түштү. Учурда аталган материалдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча атайын маалымат берилет.

Замирбек Айдаров
Замирбек Айдаров

Буга чейин Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы комитетинде депутаттар жол оңдоодогу тендерге байланыштуу мыйзамсыз иштер боюнча маалыматты текшерүүнү талап кылышкан.

Анда Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендердик комиссиянын ишине Замирбек Айдаров мыйзамсыз кийлигишкени айтылган.

Бул маалыматтын негизинде Коррупцияга каршы кызмат текшерүү жүргүзүп, мурдагы министрдин мыйзамсыз иштери болгонун парламент комитетине расмий кат менен кабарлаган.

Мындан соң парламент депутаттары ишти Башкы прокуратурага өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирүүдө:

- Эми укуктук бааны Башкы прокуратура бериши керек болот. Бул органга бардык материалдар жөнөтүлдү. Ал эми саясий бааны премьер-министр берди окшойт. Өкмөт курамына кирбей калганы ушуга байланыштуу болду деп ойлойм.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Негизи Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендер өткөн жылдын декабрында жарыяланган. 52,5 чакырымга созулган жолду оңдоонун жалпы баасы 120 миллион доллар деп бааланган. Анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы насыя түрүндө берүүгө макул болгон.

Кытай компаниясына жан тартуу

Тендерге катышууга 36 компания сунушун берген. Алардын арасында Италия, Кытай, Орусия, Түркия, Азербайжандан жол курган компаниялар болгон.

Тендердик комиссия булардын арасынан 70 миллион долларга жолду бүткөрүүнү сунуштаган кытайлык China Railway жана оңдоо иштерин 82 миллион долларга баалаган азербайжандык Azvirt компаниясынын тандап алган.

Тендердик комиссия жол курууну азербайжандык компанияга берүүнү сунуштаса, Замирбек Айдаров кытайлык компаниянын таламын талашкан. Тендердик комиссия мүчөлөрү кытайлык компания жолду сапатуу саларынан күмөн санап жатышат. Ошондон бери тендердин жыйынтыгы чыкпай, жолдун тагдыры арасат абалда турат.

Мурдагы министр Замирбек Айдаров бул иш боюнча комментарий бере элек.

Ал эми премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрдин позициясын туура деп эсептеп, тендердик комиссиянын жоопкерчилигин кароону сунуштоодо:

- Айдаров "тендердин жыйынтыгы кечигип жатканынан арзанына бергиле, тездеткиле деп айткам" деп мага түшүндүргөн. Мен премьер-министр катары эмес, Кыргызстандын жараны катары айткым келет. 70 миллион доллар менен 82 миллиондун айырмасы бар да. 70 миллион долларга 52 чакырым жол бүтөт. Түптүз жол.

Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

Айдаров жол чырына байланыштуу кызматтан кеткен биринчи министр эмес. Буга чейинки министр Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендерге байланыштуу чырдан улам кызматтан кеткен.

Байкоочулар Кыргызстанда жол куруу тармагындагы тендер өткөрүүнү коррупция коштоп келерин мурдатан айтып келет.

Коррупция боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бул сыяктуу иштерге укуктук баа берилбегени үчүн мындай иштер кайталанып жатканын айтууда:

- Бул экономикалык жана саясий коррупциянын бирден-бир көрсөткүчү деп ойлойм. Себеби, Коргоо кеңеши канча жолу Транспорт министрлигинде коррупциянын шарты барбы же жокпу деп изилдөө жүргүзгөн. Бирок ага карабай жолдогу коррупциядан улам канчанчы министр алмашып жатат. Муну токтотсо болот. Бирок саясий эрк жетишпей жатат.

Ал ортодо жол чырына байланыштуу Азия өнүктүрүү банкы жол курууга убада кылган 100 миллион доллар келбей калуу коркунучунда турат. Себеби, тендердин жыйынтыгы чыкпай создуккандыктан эл аралык финансы уюму каражат берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бирок өкмөт маселени ага жеткирбей, тендердин жыйынтыгын 13-ноябрда жарыяларын кабарлады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG