АКШ азырынча Москвага каршы киргизилген санкцияларды албай турганын Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер билдирди. Анын айтуусунда, Крымдын аннексиясы үчүн киргизилген санциялар жарым арал Украинага кайтарылганга чейин сакталат.
Катчы Орусиянын Украина чыгышындагы агрессиясы үчүн киргизилген санкциялар «Минск келишимдери толугу менен аткарылганга чейин күчүндө каларын» белгиледи.
Орусияга каршы санкциялар 2014-жылы Украина чыгышындагы жаңжалдагы Москванын ролу жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу киргизилип, бир нече жолу узартылган.