Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Бул тууралуу аталган айыл тургундары “Азаттык” радиосуна маалымдашты. Алар жылуулук жана таза суу менен камсыздоо боюнча президенттин тапшырмасын аткарбай жатат деп өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө нааразылык билдирип келишет.

Маалыматка караганда, былтыр сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна барган кезде айылдыктардын таза суу, канализация көйгөйлөрүн чечүү үчүн акча бөлүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырып, президенттик фонддон да каражат берилерин билдирген. Бирок, бир жылдан бери ал тапшырма аткарылбай, "Ат-Башы" ГЭСинин жылуулук берүүчү системасы иштебей, айыл эли суукта отурганын жергиликтүү эл ырастоодо.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү жылуулук берүү жана таза суу системасы жаздан тартып оңдолорун, быйыл кышында элге жылыткыч таратыларын билдирди. Анткен менен жашоочулар жылыткыч алуудан баш тартып, жылуулук менен таза сууну калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Нарын районунун "Достук" айылы"Ат-Башы" ГЭСинин жанында жайгашкан. Советтер Союзу маалында гидроэнергетиктердин шаар тибиндеги чакан кыштагы болчу. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага айыл өкмөтү макамы берилген. Миңге чукул адам жашаган айылга "Ат-Башы" ГЭСи жылуулук берет. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG