Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Курттаган ун дале сатылып жатат


Курттаган ун.
Курттаган ун.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду курттаган унду социалдык мекемелерге сатууну улантып жатканын парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия жакында эле Бишкектеги №97 кесиптик лицейге курттаган ун берилгенин аныктады:

- Депутаттык комиссия Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасын текшерген учурда, ал жерде азык-түлүктүн сакталышы талапка жооп бербей турганы ачыкка чыкты. Аталган мекеме болсо өзүнүн артын тазалоого аракеттенүүдө.

Турускулов кошумчалагандай, бул маселе 9-ноябрда парламентте да көтөрүлүп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бузулган ун лицей, балдар үйү, абактарга сатылып, таратылганын моюнга алды. Ал эми курттаган ундун дале сатылып жатканы боюнча жаңы жагдайларды териштирип, чара көрүүнү убада берген. Материалдык резервдер фондунун ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтеп жатат. Депутаттык комиссия кийинки аптада корутундусун чыгарат. (NT)

XS
SM
MD
LG