Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Нарын: өспүрүмдүн өз жанын кыюу себеби аныкталган жок


10-ноябрда Акталаа районунун Коңорчок айылындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу 13 жаштагы секелек өз жанын кыйган. Мал байлаган арканга асынып алган кыздын жансыз денесин анын жакындары үйүнүн короосундагы сарайдан табышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Бул окуя боюнча Акталаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору кыздын үйүнө барып, тийиштүү иштерди жүргүзгөн. Бирок кыздын ата-энеси арыз доосу жок экендигин билдирип, өтүнүч арыз менен кайрылышкан.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция өз жанын кыйган өспүрүмдүн мектепте жана үйүндө олуттуу маселеси болбогонун кабарлоодо. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG