Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өтүүдө


Жаңгак токою.
Жаңгак токою.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана бейөкмөт уюмдардын каржылоосунда уюштурулган жаңгак фестивалда токой чарбаларда өндүрүлгөн продукциялар жарманкеге коюлуп, токой жемиштерин кайра иштетүү багытында талкуу болду.

Фестивалга облустагы токой чарбалардын, жергиликтүү бийликтин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Быйыл 3-жолу уюштурулуп жаткан иш-чара жаңгак токойлорунун көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана токой пайдалануучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Облуста 200дөн ашык токой пайдалануучуларынын катышуусунда “Кыргыз токой байлыгы” кооперативи уюшулуп, анын негизинде жакынкы жылдардан тартып Голландияга миң тоннага жакын жаңгактын маңызы экспорттоло баштады.

Жалал-Абад облусунда 15 токой чарба жана 4 өз алдынча токойчулук иш алып барат. Аларда 16 миңден ашык үй-бүлө токой аянттарын ижарага алып иштетет.(RsK)

XS
SM
MD
LG