Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Президент Алмазбек Атамбаевдин 11-ноябрдагы жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри, Мухаметкалый Абулгазиев 1-вице-премьер-министр, Олег Панкратов вице-премьер-министр, Жеңиш Разаков вице-премьер-министр, Чолпон Султанбекова вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен жаңы өкмөт мүчөлөрү: Акылбек Осмоналиев өкмөттүк аппараттын жетекчиси, Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри, Улан Исраилов Ички иштер министри, Уран Ахмедов Юстиция министри, Адылбек Касымалиев Финансы министри, Арзыбек Кожошев Экономика министри, Нурбек Мурашев Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри, Жамшитбек Калилов Транспорт жана жолдор министри, Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министри, Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү жана илим министри, Талантбек Батыралиев Саламаттык сактоо министри, Түгөлбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министри, Таалайкүл Исакунова Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды.

Ошондой эле Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Дүйшөнбек Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин төрагасы, Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Кыргыз өкмөтү өткөн аптада парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап кеткенине байланыштуу кызматтан кеткен эле. Андан кийин куралган коалиция сунуштаган өкмөт курамындагы он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG