Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Абактагыларга мунапыс эгемендик менен 1916-жылдагы Улуттук- боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгына байланыштуу жарыяланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады.

Мунапыс түзөтүү колонияларында, тарбия жана турак колонияларында кесилгендерге, тергөө абактарында жаткандарга карата колдонулду.

Эркиндикке 104 киши жаза өтөөдөн чыкса, абактан же камалган жерден качып кеткен 10 киши да мунапыс алды.

Соттолгон 1163 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды. Ошондой эле абактан тышкары жаза өтөп жаткан, жаза-аткаруу инспекторлорунун тизмесинде турган 927 жаранга да мунапыс колдонулду.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңден ашуун киши камакта.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG