Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

АКШда ырчы, композитор Леонард Коэн каза болду


Канадалык ырчы жана композитор Леонард Коэн.
Канадалык ырчы жана композитор Леонард Коэн.

АКШда 82 жаш курагында канадалык ырчы, акын жана композитор Леонард Коэн каза болду. Бул тууралуу анын Facebookтагы расмий баракчасында кабарланды. Өлүмүнүн себеби тууралуу азырынча маалымат жок. Ырчы менен коштошуу аземи Лос-Анжелесте өтөт.

Леонард Коэн 1934-жылы Монреалда жарык дүйнөгө келген. Студент кезинде ал бир катар ырлар жыйнагын чыгарган. 1966-жылы Кошмо Штаттарга көчүп келгенден кийин анын музыкалык карьерасы башталган. Анын биринчи Songs of Leonard Cohen аталыштагы альбому 1967-жылы жарык көргөн. Дүйнөлүк атактуулукту ага Hallelujah жана Suzanne деген чыгармалары алып келген. Коэн 2008-жылы “Грэмми” сыйлыгына татыган.

Өткөн айда ал өзүнүн 14-ыр жыйнагын чыгарган.

XS
SM
MD
LG