Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Тажикстанда интернетти мамлекеттик улуттук борбор көзөмөлдөйт


Борбордун иши бир гана мамлекеттик “Тажиктелекомго” көз каранды.

Борбордун иши бир гана мамлекеттик “Тажиктелекомго” көз каранды.

Тажикстанда Улуттук интернет провайдердин базасында Бирдиктүү коммутациялык борбор иштей баштады. Ага мамлекеттик бюджеттен 50 миллион доллар бөлүндү. Борбор улуттук коопсуздукту камсыздоо жана экстремизм, терроризм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн негизделгени расмий ырасталганы менен, көз карандысыз эксперттер бул мекеме аркылуу атайын кызматтар өлкөдөгү бардык байланыш каражаттарын өз колуна алууну көздөп жатканын кабарлашууда.

Мындан ары коңшу өлкөдөгү бардык байланыш кызматтары бул борбор аркылуу гана ишке ашырылат. Мамлекеттик структуралар сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп, интернет трафиктерди текшерүүгө аларын көз карандысыз эксперттер эскертүүдө.

Тажикстандын интернет-провайдерлер ассоциациясы борбордун ишке ашырылышына бир гана мамлекеттик “Тажиктелеком” тартылганын маалымдады. Ал эми ассоциациянын көз карандысыз борбор негиздөө сунушу көңүл сыртында калган.

Байкоочулардын айтуусунда, мамлекеттик “Тажиктелеком” провайдери алдыңкы беш компанияга кирбейт, ошол себептен өлкөдөгү байланыштын сапаты начарлашы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG