Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Анкарада кыргыз коомунун кеңсеси жабык турат


Түркияда тигилген боз үй, “Кыргызстан маданият жана достук коомунун” эн белгиси.
Түркияда тигилген боз үй, “Кыргызстан маданият жана достук коомунун” эн белгиси.

Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүштөн улам киргизилген өзгөчө кырдаал тартибине ылайык жабылган көптөгөн мекемелердин, кеңселердин арасында “Кыргызстан маданият жана достук коомунун” Анкарадагы кеңсеси да бар. Бул кеңсе август айында жабылган, качан кайрадан ачылары белгисиз.

Түркияда коопсуздуктан улам чукул кырдаал киргенине байланыштуу август айында жабылган “Кыргызстан достук жана маданият коомунун” Анкарадагы кеңсеси качан ачылары белгисиз. Элчи Ибрагим Жунусов мындай чектөөнүн себебин “Азаттыкка” айтты:

- Коом өзү иштеп жатат, жабылган жок. Бирок Анкарадагы филиалы болсо убактылуу токтоду. Үстүбүздөгү жылдын август айында кеңсеге текшерүү келип убактылуу жаап кетишкен. Себептерин айтышкан жок. Түркиядагы чукул кырдаалдын узарышы менен эми коомдун кеңсеси качан ачылары да белгисиз. Ал эми Стамбулдагы коомдун кеңсеси иштеп жатат.

“Кыргызстан достук жана маданият коомунун” Анкарадагы баш катчысы Адилет Абишовго байланышканыбызда иштин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Өзгөчө кырдаал боюнча мыйзамдын 10-беренесине ылайык биздикине окшогон коомдордун ишин үч айлык мөөнөткө токтотууга укуктары бар экен. Анан биздин коомду да ошол беренеге киргизип, облустук мекемеден эки киши жана бир полиция кызматкери келип бир сыйра документтерди карагандан кийин бизди чыгарып, эшигибизге мөөр басып коюшту. Август айынан бери кеңсебиз жабык, бир гана облустук кеңештин чечими менен ачылат.

Баш катчы коомдун ишинин токтотулушу менен бир топ иш-чаралар өтпөй калганын да айтат.

- Эгемендиктин 25 жылдыгына карата октябрь же ноябрь айларында Бурса шаарында пландаштырылган чоң симпозиумубуз өтмөк. Бул жылы экинчи ирет болмок. Аныбыз да өтпөй калды.

Катчы Абишов полициянын ага көргөзгөн документинде 19-ноябрда "кеңсени кайрадан ачсаңар болот" деген пункт бар экенин, бирок облустук кеңештин чечими жок ал ачылбасын белгиледи.

-19-ноябрга чейин бизге сөзсүз бир кат келиши керек эле. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кагаз жөнөтөбүз деген. Баарын даярдап, туура датага келгенде облустук кеңештин кишилери менен гана расмий ачып беребиз дешкен. Бирок кагаз келе элек.

«Кыргызстан достук жана маданият коому» Түркияда окуп, иштеп жүргөн мекендештердин диаспорасы катары саналат. Анын Анкарадагы кеңсеси 2010-жылы ачылган жана анда катталган үч жүздөй мүчөсү бар. Түрк баш калаасынын өзүндө 638 кыргызстандык расмий катталган. Катталбай жүргөндөрдүн саны 1300-1400дүн тегерегинде экени айтылат. Алардын басымдуу бөлүгүн студенттер, өз алдынча келип курулушта, үй кызматында иштеп жүргөн эмгек мигранттары түзөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG