Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Москва мэриясы Алеппо боюнча демонстрацияга уруксат берген жок


Алепподогу көрүнүш. 6-ноябрь, 2016-жыл.

Алепподогу көрүнүш. 6-ноябрь, 2016-жыл.

Оппозициячыл маанайдагы “5-декабрь” саясий партиясынын лидери Сергей Давидистин билдиргенине караганда, Москва шаар мэриясынын чечиминин себептери белгисиз. Андыктан, алар эми сотко кайрылышмакчы.

Давидис мурдараак курамына алар жана оппозициячыл ПАРНАС партиясы, Орусиянын Либертариандык партиясы, Адам укуктары үчүн кыймылы, Тилектештик кыймылы кирген топ Москвада Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттерине көңүл бурдурууну көздөгөн нааразылык акциясын өткөрүшөрүн кабарлаган.

Москвада демонстрацияга чыгууну көздөгөн орус активисттери Сириянын Алеппо шаарындагы окуяларды “массалык кыргын” деп аташкан.

Орусия жана Сириянын ал колдогон өкмөтү Алеппо шаарынын 250 миңдей адам камалып калган чыгыш бөлүгүнө аба соккуларын утур-утур жасап келет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG