Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун аткаруучу кеңеши Сирияда өкмөттүк күчтөр жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уулуу заттарды колдонгонун кескин айыптады. Бул тууралуу жума күнү “Рейтерс” агенттиги кабарлады.

Агенттик таянып жазган булактын маалымдашынча, жыйында АКШ сунуштаган документтин текстин кеңештин 28 мүчөсү, анын ичинде Германия, Франция жана Британия да колдошту. Орусия, Кытай жана Иран каршы добуш беришти.

Сириянын президенти Башар Асадга караштуу күчтөр буга чейин да байистүү оппозицияга каршы химиялык курал колдонгону үчүн айыпталып келишкен.

Октябрь айында Улуттар уюмунун жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун биргелешкен миссиясы Сирияда дагы бир химиялык курал колдонулган окуя үчүн өкмөттүк күчтөрдү жооптуу деп табышкан. Уюмдун эксперттеринин маалыматына караганда, Дамаск 2015-жылдын 16-мартында Идлиб провинциясында уулуу газ колдонгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG