Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

АКШнын мурдагы дипломатына Орусияга кирүүгө тыюу салынды


Майкл Макфол
Майкл Макфол

АКШнын Москвадагы мурдагы элчиси Майкл Макфол мындан ары Орусияга кире албай турганын Твиттердеги баракчасына жазды. Анын айтымында, Кремл Барак Обамага санаалаш кишилерге киргизген санкцияга ал да илинген.

Макфол Орусияга виза алуу учурунда мындан кабардар болгонун билдирип, “кара тизмеге” мурда эле киргенин, бирок маалымат эми гана ачыкка чыкканын болжолдойт.

2012-2014-жылдары АКШнын Москвадагы элчиси болуп иштеген Майкл Макфол азыр Стэндфорд университетинде окутуучу болуп эмгектенет.

2013-жылы Орусия АКШнын бир топ жарандарына санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG