Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Италиянын Порденоне шаарында сот хижаб чечүүдөн баш тарткан аялга 30 миң евро айыппул салды. Жергиликтүү булактар жума күнү тараткан кабарга ылайык, алгач аялды төрт айга камоо чечими чыккан. Кийин сот өкүмдү өзгөртүп, айып пул салган.

Маалыматка караганда, соттолуучу муниципалдык имаратка бети-башы чүмкөнгөн абалда кирген. Кароол аны сыртка чыгарып койгонуна карабай, кайра имаратка кирүүгө аракет жасаган.

Италияда коомдук жайларда бетин жаап хижаб оронууга тыюу салынат. Мындай эреже Европада акыркы жылдары орун алган катар жардырууларга байланыштуу кабыл алынган.

Быйыл Франциянын бир канча аймактарында мусулман аялдардын сууга түшүүсүнө ылайыкташкан кийим – буркини кийгенге да тыюу салынган.

Айрымдар муну мусулмандарды басмырлоо катары кабыл алса, кээ бирлер шарият кийимдери адамды коомдон бөлүүгө жол ачат деп эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG