Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстанда жаш жоокерлер ант беришти


Бүгүн Бишкекте аскер кызматына жаңы киришкен жоокерлердин Ант берүү аземи өттү. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 300дөн ашуун жоокер ант бергенин билдирди.

Салтанат баш калаадагы "Түштүк дарбаза" багындагы аскерлерге арналган монументтин алдында уюштурулду. Ант берген аскерлер Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөшөт. Аземге жоокерлердин жакындары да чакырылды.

Бүгүн Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө 120, Көк-Жаңгактагы Түштүк-батыш аскер бөлүгүндө элүүдөн ашуун жоокерлер да ант беришти.

Кыргызстан аскердик кызмат өтөө мөөнөтү – бир жыл.

XS
SM
MD
LG