Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Пакистанда мечиттеги жардырууга ИМ тобу жоопкерчилик алды


Жардыруудан кийин.
Жардыруудан кийин.

Пакистанда ишемби күнү мечитте болгон жардыруудан бери дегенде 43 адам набыт кетип, жүздөн ашуун киши жараат алды. Жардыруу Белужистан аймагындагы суфийлердин мечитинин короосунда орун болгон. Окуя учурунда ал жерде жүздөгөн зыяратчылар болгонун бийликке таянып, Reuters агенттиги кабарлады.

Жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнө алды.

Бир күн мурун мечитке жакын жерде тартип сакчылары аймактагы экстремисттик топтун башчысы деп шектелген адамды жок кылышкан эле.

Акыркы он жылда Белужистанда миңден ашуун кол салуу жана теракт жасалды.

XS
SM
MD
LG