Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Молдовада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Мая Санду жана Игорь Додон
Мая Санду жана Игорь Додон

Молдовада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Европанын эң жакыр өлкөсү саналган бул мамлекеттин башчылыгына ат салышып жаткан эки талапкер – Игорь Додон менен Мая Санду эки башка келечекти убада кылып жатышат.

Додон Орусиячыл көз карашта жана НАТОго кошулууга каршы. Санду болсо Батыш саясатын жактайт.

Адегенде президенттикке 20дан ашуун адам умтулуп, тогуз киши биринчи турга катышкан. 30-октябрдагы добуш берүүдө Додон 48, Санду 38 пайыз менен экинчи айлампага чыгышкан.

1996-жылдан бери Молдовада президентти парламент шайлап келген. Быйыл Конституциялык сот чыгарган чечимге ылайык, молдовандар президентти түз шайлоо укугуна ээ болушкан.

XS
SM
MD
LG