Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Пакистандагы жардыруу курмандыктары 50гө жетти


Пакистан бийлиги Белужистан аймагындагы жардыруудан набыт болгондор бери дегенде элүү киши экенин маалымдады. Жараат алгандар жүздөн ашат. Алар Карачи шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Ишемби күнү суфийлер зыярат кылчу диний жайдын короосунда жардыруу уюштурулган. Ага жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнө алды.

Акыркы он жылда Белужистанда миңден ашуун кол салуу жана теракт жасалды.

XS
SM
MD
LG