Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Молдовада өлкөнүн келечек багытын аныктаган шайлоо өтүүдө


Добуш берип жаткан аял.
Добуш берип жаткан аял.

Шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн Европа Биримдигине же Евразия экономикалык биримдигине карай багыты чечилет. Шайлоодо орусиячыл Игорь Додон менен батышчыл Майя Санду беттешүүдө. Додон Социалистик партиянын лидери болсо, Санду оңчул багыттагы “Аракет жана тилектештик” партиясынын лидери. 30-октябрда болгон шайлоонун биринчи турунда эч кайсы талапкер 50% добуш ала алган эмес. Игорь Додон 47.98%, Майя Санду 38.71% добуш алган.

Молдова калкы жыйырма жылдан бери биринчи жолу президентти түз шайлап жатат. Ага чейин парламент шайлап келген. 1 981 шайлоо бекеттеринде добуш берүү Молдова убактысы боюнча эртең менен саат 7:00 башталды. Жүздөгөн эл аралык байкоочулар добуш берүүгө көз салууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG