Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 14 аймак Ферганада талкууланды


Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасындагы жазуулар, 2012-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасындагы жазуулар, 2012-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы талаштуу 14 участка Фергана шаарында өкмөт аралык сүйлөшүүдө талкууланды. Анын ичинен 7 участка боюнча орток пикир табылганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушуу 8-13-ноябрь күндөрү уюштурулду. Расмий Ташкент сүйлөшүү достук маанайында өткөнүн, бир айдан бери кезек-кезеги менен жүрүп жаткан талкууларда жалпысынан 56 талаштуу аймак боюнча бирдиктүү пикир табылганын билдирди. Кыргыз тарап азырынча маалымат бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын 320 чакырымы такталбай турган. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар чыгып келген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG