Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңеш шайлоосуна катышуучу партиялар арасында бюллетенде жайгашуу орундарды аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрдү. Натыйжада шайлоо күнү партиялардын бюллетендеги тизмеги төмөндөгүдөй болмокчу:
№1 - «Таза Кыргызстан»,
№2 - «Актив»,
№3 - «Улуу Кыргызстан»,
№4 - «Республика — Ата Журт»,
№5 - «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
№6 - «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы»,
№7 - «Демократ»,
№8 - «Кыргызстан коммунисттер партиясы»,
№9 - «Аалам»,
№10 - «Кыргызстан»,
№11 - «Мекеним Кыргызстан»,
№12 - «Өнүгүү-Прогресс»,
№13 - «Жаңы доор»,
№14 - КСДП.
Бишкек шаардык кеңешке шайлоо 11-декабрда өтөт. Ага жалпысынан 14 партия ат салышууда. (SDz)