Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Депутат Шыкмаматов: бийлик бизди камап коюшу мүмкүн


Алмамбет Шыкмаматов (оң четте).

Алмамбет Шыкмаматов (оң четте).

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бийлик жалган жалаа жабуу аркылуу ага каршы чыккан депутаттарды элге жаманатты кылуу аракетине киришти.

- Белиздеги «Саутфилд» деген компанияга жан тартыш үчүн ал кезде бардык маселе сот аркылуу чечилмек. Ал эми сот, УКМК бизге баш ийген эмес. Анан кантип биз “Альфа Телекомдун” 50 пайызын алып бермек элек? Анткени алып бериш үчүн сот чечимдери керек болмок. Бул бийликтин кыска мөөнөттүү жалаасы. Мунун негизинде бизди камап коюшу мүмкүн. Бирок андан биз коркпойбуз, - деди Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов бул документтердин жасалма экенин далилдөө үчүн аракет көрөрүн кошумчалады.

Бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берген. Анда Сегизбаев Түштүк Америкадагы Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынын “Альфа Телеком” компаниясынын улутташтырылбаган 50 пайыздан ашык акциясын сатуу аракетине кыргызстандык үч жогорку жетекчинин катышы болгону тууралуу маалымат алганын айтып берген.

Президенттин маалымат кызматы тараткан документтердеги көчүрмөлөрдө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG