Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Башкы прокуратура Белиз өлкөсүнөн Кыргызстандын УКМКсына жиберилген “Альфа Телеком” боюнча документтерди текшерүүгө алат. Бул боюнча тапшырманы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага табыштады.

УКМКга келген документтерге ылайык 2015-жылга чейин “Альфа Телекомдун” акцияларынын 50 пайызы сатылган учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова өздөрүнө тиешелүү акциялардан түшкөн кирешени бөлүп алмак. Бирок соттун чечими менен “Мегакомдун” калган 50 пайыз акциясы камакка алынганына байланыштуу сатык токтотулган.

Белиз өлкөсүнөн келген документтерге ылайык үч депутаттын ар биринде дээрлик 8 пайызга чейин акциялар болгон. Ошол эле учурда “Альфа Телеком” Максим Бакиевге таандык болуп, 2010-жылы ишкананын 50 пайызы улутташтырылган.

Бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берди. Сегизбаев Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынын “Альфа Телеком” компаниясынын улутташтырылбаган 50 пайыздан ашык акциясын сатуу аракетине кыргызстандык үч жогорку жетекчинин катышы болгону тууралуу маалымат алынганын ырастады.

Ал ортодо “Ата Мекен” фракциясынын аты аталган депутаттары УКМК жасалма документтерди көрсөтүп жатканын, аларга карата каралоо жүрүп жатканын билдиришти. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG