Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Пакистан индиялыктардын чабуулунан жети жоокери өлгөнүн кабарлоодо


Кашмир. Индия - Пакистан чек арасы.
Кашмир. Индия - Пакистан чек арасы.

Пакистан Кашмир аймагында индиялыктардын чабуулунан жети солдаты курман болгонун билдирүүдө. Окуя 14-ноябрга оогон түнү болгону кабарланат.

Пакистан армиясы аскерлери өзү көзөмөлдөгөн аймакта турганда окко учканын жана ага жооп кылып ок ачканын кошумчалады.

Эки тарап эскертүүсүз ок атуу жана чагым үчүн дайыма бир-бирин айыптап келет. Акыркы чыңалуу сентябрда Индия Кашмирдеги аскер базасына пакистандыктар чабуул койду дегенден тарта күчөгөн. Анда 18 индиялык аскер мерт болгону кабарланган.

1947-жылы Британ бийлиги чыгып кеткенден бери Индия менен Пакистан Кашмирди талашып келет.

XS
SM
MD
LG