Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Молдовада Игорь Додон президент болуп шайланды


Игорь Додон
Игорь Додон

Молдовадагы президенттик шайлоо бюллетендеринин баары эсептелди. Анда орусиялык талапкер Игорь Додон 52,29% добуш алганы белгилүү болду. Атаандашы, европачыл Майя Санду 47,71% добушка ээ болгон.

“Мыйзамга ылайык, экинчи турда элдин көпчүлүк добушун алган Игорь Додон Молдованын президенти болот” - , деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Алина Руссу.

Додон Социалисттик партиянын лидери. Бюллетендер эсептелип жатканда эле ал маалымат жыйын өткөрүп, бүткүл молдовандардын, анын ичинде Москва менен тыгыз байланышкысы келгендер менен Евробиримдикке кирүүнү жактагандардын да президенти болууга убада берген.

Майя Санду Европадагы айрым шаарларда бюллетендер жетпей калган үчүн жүздөгөн шайлоочулар добуш бере алышпай калганын, ошол эле учурда орусиячыл аймакта добушканага эл көп келгенин айтып чыкты.

Ал шайлоону начар уюштурганы үчүн шайлоо комиссиясындагылардын отставкасын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG