Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Бишкек шаардык кеңешке катыша турган 14 партия толугу менен партиялык тизмесин БШКга өткөрдү. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтуусунда, Бишкек шаардык кеңештеги 45 депутаттык орунга 1115 талапкер ат салышмакчы.

БШК төрайымы башка аймактардан партиялык тизмелер ушуга дейре келе электигин айтып, мыйзам боюнча жума аягына чейин аны тапшырууга убакыт бар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да ошол күнгө белгиленген. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого 2 миллиондон ашуун шайлоочу катышарын болжолдоодо. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG