Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Ирактагы жардыруудан алты киши набыт болду


Ирак.
Ирак.

Ирактын борбордук бөлүгүндө 14-ноябрдагы жардыруудан кеминде алты адам набыт кетип, төртөө жаракат алышты. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, Айн аль-Тамер шаарында эркек жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберген. Мунун алдында эле коопсуздук күчтөрү анын болжолдуу беш өнөктөшүн жок кылган болчу.

Айн аль-Тамер шииттердин диний ыйык шаары Кербелден 50 чакырым ыраакта. Окуя шииттердин Мухаммед пайгамбардын небереси, имам Хусейнди эскерүүсүнүн 40 күндүгү аяктап калганда болгон. Азырынча буга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Августтун аягында эле Айн аль-Тамерде жоочулар чабуулунан 18 киши өлгөн. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган болчу.

XS
SM
MD
LG