Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Прокуратура Эрнис Мамыркановго кылмыш ишин козгоду


Эрнис Мамырканов
Эрнис Мамырканов

Транспорт жана байланыш министринин мурдагы орун басары Эрнис Мамыркановго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Маалым болгондой ага “кызмат абалынан кыянаттык кылуу” жана “мамлекеттик кызыкчылыгына каршы сатып алуулар келишимин түзүү” боюнча кине тагылууда.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, 2015-жылдын 22-июлунда Транспорт жана байланыш министрлиги менен К.А. жеке ишкери ортосунда программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча конкурсу жок келишим түзүлгөн. Документке ылайык жеке ишкерге мамлекеттин казынасынан 1 млн. 585 миң сом которулган. Ошол эле учурда башка компаниялар бул кызматты 300 миң сомго аткарып берүүгө макул болгон.

Прокуратура учурда бул иш боюнча тергөө иштерин улантып жатат.

XS
SM
MD
LG