Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Жыргалаңда Кышкы туризм фестивалы өтөт


Жыргалаң өрөөнү.
Жыргалаң өрөөнү.

Ысык-Көлдөгү Жыргалаң айылында Кышкы туризм фестивалы өтөт. 19-ноябрдагы иш-чара ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Андан тышкары, чет элдиктерди кышында Кыргызстандын тоолоруна келип эс алуусуна шарт түзүү маселесине арналат. Фестивалда жеке компаниялар кызматтарын сунуштап, элге өздөрү тууралуу кеңири маалымат беришет.

Иш-чараны USAID эл аралык уюмунун жана жергиликтүү компаниялардын колдоосунда “Жыргалаң өрөөнү дестинациясы” коомдук бирикмеси уюштурууда.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта чет элдик туристтерге эреже катаалдап, беш күн ичинде каттоого туруу милдети кирген. Бул жагдай туристтер санын азайтып, туризм тармагын солгундатарына адистер тынчсызданууда. (SE)

XS
SM
MD
LG