Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Шыкмаматов “Ата-Бейитте” карганууга даяр


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Белизгейт" окуясында күнөөсүз экенин далилдөө үчүн “Ата-Бейит” мүрзөсүнө барып карганууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

- Ата-Бейитке ажо менен бирге баралы. Мыйзамдан коркпосо да, кудайдан коркор. Мен 2010-жылдын 7-апрелинде жан берген 100 баланын сөөгү коюлган Ата-Бейитке барып, күнөөсүз экенимди айтып карганууга даярмын,- деди Шыкмаматов.

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аны тезинен текшерип чыгууну тапшырган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган. Депутаттар муну жасалма документтердин негизиндегы каралоо деп сыпатташууда. (SE)

XS
SM
MD
LG