Шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси 26-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтты.
БШК төрайымы учурда шайлоо участоктору ачылып, участкалык аймактык комиссиялар жер-жерлердеги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган референдум ушул жылдын 11-декабрына белгиленген. Шайлоого 18 жаштан өйдө анын катарында чет өлкөдөгү кыргыз жарандары да катыша алат. (SDz)