Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Орусиянын экономика министри пара менен кармалды


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев экономика министри Алексей Улюкаевдин кармалышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Медведев бул маселени президент Владимир Путин менен талкуулады.

Улюкаев мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн 2 миллион доллар пара алып жатканда кармалганын шейшембиде Тергөө комитети кабарлады.

Бул орус өкмөтүнүн жогорку бийлик өкүлүнүн 1991-жылдан берки камакка алынган учур болуп калды.

XS
SM
MD
LG