Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Немис полициясы мечит, кеңселерде рейд жүргүздү


Гамбург мечитиндеги рейд.
Гамбург мечитиндеги рейд.

Немис полициясы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун тарапкерлерин издөө үчүн ондой аймактагы мечиттерде, кеңселерде жана үйлөрдө рейд жүргүздү. Тартип коргоо органдары шейшембинин таңында “Чыныгы дин” аттуу топтун тарапкерлерине таандык 200 үй менен кеңселерди тинтүүгө алды. Маалыматка ылайык, рейд Германиянын батыш аймактарында жана Берлинде жүргүзүлдү.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, “Чыныгы дин” тобуна Германияда тыюу салынган. Бул топко Конституцияны бузду жана кастыкты козутту деген айыптар тагылууда. Расмийлер Сирияга согушка кеткендердин көбүнүн бул топ менен байланышы болгонун айтышууда. Бирок аталган топ чабуулдарга даярданганы-даярданбаганы азырынча белгисиз. Шектелгендер немис бийлигинин айыптарына жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG