Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Баш мыйзамды өзгөртүүнү жактагандар менен каршылардын үгүтү башталды


Шайлоочулар.
Шайлоочулар.

Боршайком тарабынан Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүүгө үч топко, ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө үндөгөн бир топко үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилди. 15-ноябрь күнү Конституцияны өзгөртүүгө макулдугун берүүгө үндөөчү дагы беш топтун арызы каралат.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди:

-Бүгүн каттоодон өткөн топтордун өкүлдөрүнө БШК күбөлүк берет. Андан кийин бул топтор үгүт иштеринин каржы фонддорун жарыялап, үгүттөөнү баштай беришсе болот.

Референдумду өткөрүү боюнча бардык каалоочулар үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Үгүт топторуна мамлекеттик кызматтарда, диний жана эл аралык уюмдарда иштеген жарандар мүчө боло алышпайт.

Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт иштери жалпы элдик добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG