Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

АКШда жаштар Трампка каршы демонстрацияга чыгышты


Лос-Анжелестеги нааразылык акциясы.

Лос-Анжелестеги нааразылык акциясы.

АКШда миңдеген окуучулар президенттик шайлоону жеңип чыккан Дональд Трампка каршы демонстрацияга чыгышты.

Лос-Анжелестин расмийлери аймактагы акцияга 4 миңдей студент катышканын билдирди. Демонстранттар Трамптын документи жок иммигранттарды депортациялоо жана АКШ менен Мексиканын ортосунда дубал куруу сыяктуу билдирүүлөрүн сынга алышып: “Ал менин президентим эмес” деп кыйкырып жатышты. Сиэтлдагы демонстрацияга аймактагы мектеп окуучуларынын 10 пайызы же 5 миң адам катышканы кабарланды. Мындай нааразылык акциялары Портлэнд, Мэриленд, Денвер жана Сан-Францискодо да өттү.

8-ноябрдагы президенттик шайлоодо республикачылардын талапкери Дональд Трамп демократ Хиллари Клинтонду утуп чыккан. Трамп CBS каналына курган маегинде мындай демонстрациялар аны капа кылганын айтып, аларды токтотууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG