Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Президенттик аппарат: депутат Исаевдин айтканы негизсиз


Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев депутат Канат Исаевдин айыптоолорун четке какты. Анын айтуусунда, Исаевдин айткан дооматтары негизсиз.

- Мен Алмаз Мааткасымов аттуу адамды тааныбайм. Биз кандайча буйрук бере алабыз? Ар бир судья президенттин жарлыгы менен дайындалган жана Конституция боюнча эч кимге көз карандысыз иштейт. Канат Исаев баарына эле асылып жатат. Балким Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин жандандырганы үчүн ушундай кадамга барып жатабы, мен түшүнбөй жатам,- деди Арабаев.

Президенттик аппарат Исаев айткан Алмазбек Мааткасымов аттуу адам иштебей турганын билдирүүдө.

Буга чейин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаев соттор Ак үйдүн буйругу менен иштеп жатканын айтып, президенттик аппараттагы Манас Арабаев жана Алмаз Мааткасымов бул тармакты көзөмөлдөп жатканын ырастаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG