Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

АКШ президенти Барак Обама Грекияга иш сапары менен келди. Бул Обаманын президенттик кызматтагы акыркы чет элдик сапарынын биринчи аялдамасы. Ал андан ары Германияга жана Перуга барат.

Кызматтан кетип жаткан Америка президенти Грекиянын мамлекет башчысы Прокопис Павлопулос жана премьер-министри Алексис Ципрас менен жолукту. Ал шаршемби күнү Берлинге жолго чыгаардан мурда демократия жана глобализация тууралуу билдирүү жасайт деп күтүлүүдө.

Эки күндүк визиттин коопсуздугун камсыздоого беш миңден ашык полиция кызматкери тартылды.

Обама Германиядан кийин Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык кызматташтык форумуна катышуу үчүн Перуга барат. 19-ноябрда Вашингтонго кайтып келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG