Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Молдовадагы шайлоону жеңип чыккан орусиячыл саясатчы Игорь Додон Европа Биримдиги менен тарыхый келишим жокко чыгат деген кооптонууларды четке какты. Ал шейшембидеги маалымат жыйынында өлкөнүн Европа Биримдиги менен байланыштарын токтотуу ниети жоктугун, болгону Орусия менен жакындашууну жактай турганын билдирди.

13-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон европалык багытты колдогон талапкер Майя Сандудан алдыга озуп чыккан. Ал шайлоо өнөктүгү маалында Молдованын Европа менен интеграциялык макулдашууларын кайра карап чыгарын билдирген.

Молдова 2014-жылы Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге жетишкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG