Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Орус коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын “Адмирал Кузнецов” аттуу учак алып жүрүүчү кемеси биринчи жолу Сириядагы операцияларга катышканын билдирди. Министр президент Владимир Путин менен жолукканда билдиргендей, кемеден учуп чыккан бомбалоочу учактар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен “Аль-Нусра” фронтунун Идлиб жана Хомс провинцияларындагы позицияларын бута алды. Аталган кеме өткөн айда Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабына жөнөтүлгөн.

Сириянын Алеппо шаарындагы козголоңчулардын позицияларына үч аптадан кийин кайра сокку урула баштады. Сириянын мамлекеттик медиасы бул аба чабуулдарын өкмөттүк күчтөр жасаганын кабарлады.

Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын армиясына колдоо көрсөтүү үчүн бир жылдан ашык убакыттан бери аба чабуулдарын уюштуруп келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG