Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Египет: Мурсинин өлүм жазасы жокко чыкты


Мухаммед Мурси
Мухаммед Мурси

Египеттин доо арыздар боюнча негизги соту бийликтен кулатылган исламчыл президент Мухаммед Мурси өкүм кылынган бир өлүм жазасын жокко чыгарды. Мындан тышкары тыюу салынган “Мусулман агайындары” кыймылынын 26 мүчөсүнө берилген өлүм жана абак жазалары да жоюлду.

Мурси 2011-жылы президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан элдик толкундоолор маалында абактан качып чыгып, түрмөдөгү исламчыларды бошотуу үчүн чет өлкөлүк жоочулар менен ымалага барган деп айыпталган.

Деген менен мурдагы президент террорчулук боюнча башка бир соттук жараянда да өлүм жазасына өкүм кылынган. Башка айыптар боюнча соттук териштирүү уланмакчы.

XS
SM
MD
LG