Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Порошенко Трампты Украинага чакырды


Украина президенти Петро Порошенко АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу Украина президентинин сайты кабарлады.

Порошенко Трампты президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча жаңы администрация менен активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал орусиялык агрессияга каршы турууда жана зарыл болгон реформаларды ишке ашырууда Вашингтон тараптан Украинаны колдоо аракеттеринин улантылышы маанилүү экенин белгиледи. Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары байланыштарды улантуу, анын ичинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашты.

Порошенко Трампты ыңгайлуу болгон учурда Украинага келип кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG