Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Текебаев УКМКны Атамбаевди суракка алууга чакырды


Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев

Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев

“Мегакомдун” 51 пайызын улутташтырбоо тууралуу кепилдикти Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путиндин алдында айткан. Бул тууралуу бүгүнкү парламент отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев маалымат каражаттарына 2010-жылдан апрель окуясынан кийин чыккан кабарга шилтеме берип айтты.

- “Мегакомдун” толук улутташтырылбаганына Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Атамбаев жооп бериши керек. "Фергана.ру" сайтында жүрөт Атамбаев ошол маалда Путинге убада берген экен. Анда биз сатпайбыз, улутташтырбайбыз, орус тарап салык жана дивидентин төлөп турса болду деген экен. Ошол сайтка Фарид Ниязов да интервью берип “Мегакомдо” акционерлердин укугу корголушу керек деп айткан экен. Ошондуктан “Мегаком” боюнча иште биринчи кезекте Атамбаевди суракка алыш керек.

Жогорку Кеңеш бүгүн “Белизгейт” боюнча ишти карап жатат. Ал үчүн парламентке УКМК, прокуратура, КТРК жана “Мегакомдун” жетекчилери чакырылды. Азырынча парламентке КТРК жана “Мегакомдун” жетекчилери келе элек. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG