Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Тажикстанда кыргыз маданият күндөрү өтөт


Улуттук кийимчен кыргыз кыздары.
Улуттук кийимчен кыргыз кыздары.

Тажикстанда 17-ноябрда Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Ага Бишкектен музыканттар, бийчилер топтору, көчмөн маданияттын жана искусствонун чеберлери катышат.

Чыгармачыл делегацияны Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетов жетектейт. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, маданий иш-чаралар Душанбеде Улуттук китепканада, Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында, Кино үйүндө жана Улуттук музейде уланат.

Тажик жергесиндеги кыргыз маданият күндөрү 20-ноябрга чейин созулат.(ZA)

XS
SM
MD
LG